Кыргызстанда коронавирус 570 адамдан табылды

Кыргызстанда бир күн ичинде коронавирус (пневмонияны эсепке алганда) 570 адамдан табылып, 3 киши каза болду. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, коронавирусту Бишкекте — 121, Ош шаарында -114, Чүй облусунда — 85, Ош облусунда — 30, Талас облусунда – 21, Нарын облусунда — 5, Ысык-Көл облусунда — 51, Жалал-Абад облусунда — 61, Баткен облусунда 82 адам жуктуруп алган.

Ошол эле учурда бир күндө коронавирустан 416 адам айыгып чыккан.

“Бишкекте — 75, Ош шаарында — 26, Чүй облусунда — 53, Ош облусунда — 56, Талас облусунда — 23, Нарын облусунда — 5, Ысык-Көл облусунда — 18, Жалал-Абад облусунда — 91, Баткен облусунда 69 киши айыкты” — деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле коронавирустан бир күн ичинде өлкө боюнча — Бишкекте 2 киши, Ош облусунда 1 адам каза болгон.

Бүгүнкү күнгө карата өлкөнүн стационарларында 3 миң 444 бейтап, үй шартында 3 миң 892 киши дарыланууда.

“Ооруканаларда дарыланып жаткан бейтаптардын 56сы канааттандырарлык абалда, 2 миң 259 киши — орточо оор, 988 адам — оор жана 141 киши өтө оор абалда”, — деп айтылат маалыматта.

Акыркы бир күн ичинде өлкө боюнча 5 медицина кызматкеринен коронавирус табылган (Таласта — 2, Ысык-Көлдө — 3). Ошол эле учурда үй карантининен 6, стационарлардан 3 медицина кызматкери айыгып чыгарылган. Бүгүнкү күнү Кыргызстанда медициналык кызматкерлер арасында коронавирус жуктурган жалпы 3 миң 654 учур катталды, алардын ичинен 3 миң 445 медкызматкер айыгып чыкты.

Белгилей кетсек, учурда Кыргызстанда коронавирусту жуктургандардын жалпы саны 63 миң 960ты түзөт. Алардын ичинен 54 миң 774 адам айыгып чыккан, 1 миң 185 киши каза болгон.

Предыдущий

Путин, Алиев и Пашинян приняли совместное заявление о прекращении огня в Карабахе

Следующий

В Кыргызстане коронавирус выявлен еще у 400 человек

Оставить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *