Сиздер кечээ өз тандооңуздарды тандап, өлкөнүн келечегин чечкен шайлоого катыштыңыздар. Урматтуу шайлоочуларым, өлкөбүзбүн 30 жылдык эгемен тарыхындагы эч ким жоопкерчилик албаган жеке кызыкчылыгын көздөгөн, кландык башкарууга жол берген кайдыгерликке чекит койгон күн келди. Өлкөбүз өнүгүүгө карай жол баштады. Кандай гана азаптарды баштан кечирдик. Өлкөдөгү өнөр-жай, бажы, экономика, айыл-чарба, сот жана башка тармактарыбыз артта калды.
Эл турмушу оңбогон оор абалда. Ушундай оор жагдайда өлкөнүн тагдырын алып отурам, ушул жоопкерчилик мага буйруптур. Мен мекениме ак кызмат өтөп, сиздердин ишеничиңерди толук актайм», — деди Жапаров.