«Сени мен киши кылгам»…

«Сени мен киши кылгам»…Ушундай сөздү уккан жок белеңиз? Минтип сизге эч ким айтпаса анда өзүңүздү бактылуумун деп эсептей бериңиз . Тилекке каршы мындай сөздү өнөрпоз айымдар көп угушат. Табият берген талантың ташкындап турган күндө да аны жалтырата «ороп-чулгап,» шуру мончок тагып, көпчүлүккө алып чыгыш көп нерсени талап кылат. Антип-шаңгырап, жаркырап, улам бир жерден жылтылдап чыга албасаң сени эч ким деле байкап, баалап жибербейт. Бул -көркөм өнөрдү аркалап жүргөн кыз келиндердин көбүнө эле тиешелүү. Маданий-көркөм чөйрөгө өз жолуң менен кирүү-оо, ондогон, балким бир өмүргө тете аракетти талап кылат. «Таасирдүү» чөнтөктүү таянычың болсо- багыңдын ачылганы. Сахнанын дал төрүнө дүрүлдөп эле кирип барасың. Клиптер тартылып, костюмдун мыктысы тигилип, теле, радиодон, соц тармактан шаңгырап чыга калчы- бир жумада атактуу болосуң да каласың. Талантың таланттай бааланса-бакыт деген ошол. Бирок ага «демөөрчү» болгон адамдын көздөгөнү башка болсо-мойнуна чырга сүйрөткөн немеден айрымаң жок болот.Бизде ошондой тагдырга дуушар болгон айымдар аз эмес. Кезегинде концертин уюштуруп же көргөзмөсүн каржылап берип, бирок анысын » отработка», кылууга мажбурлагандарды далай көргөм. «Сени мен киши кылгам»… Мына ушул сөз сыртынан баары шайма шай көрүнгөн өнөрпоз айымдардын ичинен жей турган жылан. Алар адеми кийимдердин, алтын, күмүштөрдүн, кымбат машине менен мартабалуу «майрамдардын» акыбетин кадимки кара жумушчудай эле кайтарышы керек. Байманалуу чөйрөдө өзүн «татыктуу» алып жүрүп, чарбасын да алда немедей аткарып, ырын да ырдап, сырын да «сырдашка» милдеттүү.Анын өнөрүнө жамынып, артынан түртүп турган демөөрчүнүн алда кайда алдыга түзүп койгон планы бар-акчага акча, байлыкка байлык кошулуп турушу зарыл, аны аткарбайбы-«ырысын көтөрө албаган кесирлүү жетим, хан сарайда жашоого татыксыз, жарыбаган томояк » атыгат. «Мен айткандай болбосоң эртең эле жап-жаш бирөөнү алам, сага сынык чыны да бербей кууп чыгам…»деген опузалар күндө ичкен тамагындай эле адатка айланган. Мунун баары- көмүскөдө. Көрүнбөйт. Элге кекирейген, менменсиген, байлыгына чиренген обу жок сулуу гана көрүнөт. Аялга карата зомбулук ушунусу менен коркунучтуу.

Сүйүн Курманова, журналист

Предыдущий

Камчыбек Ташиев: Бабанов врет. Он пришел на площадь с Атамбаевым чтобы захватить власть

Следующий

Тигүү тармагында абал чатакпы?

Оставить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *