Тигүү тармагында абал чатакпы?

Тигүүчүлөрдүн үнү Өкмөткө жетеби? Кыргызстанда 250 миң адам жумушунан айрылышы мүмкүнбү? Расмий маалымат боюнча Кыргызстанда 250 миңдей адам жеңил өнөржай тармагында эмгектенип, үй-бүлөсүн багат экен. Эгерде бул тармакта иштеген 1 адамга үй-бүлөсүндөгү 4 адамды багуу жүктөлгөн болсо, анда Кыргызстандын калкынын 1 миллиону бул тармактын нанын жеп күн көрөт. Демек 6.5 миллион калкы бар Кыргызстандын калкынын 15-16 пайызынын күнүмдүк тиричилиги жеңил өнөр жайынын абалынан өтө көз каранды. Демек бул тармак Кыргыз Өкмөтү өзгөчө көңүл буруп, сактап кала турган тармак. Бирок бул тармак 2021-жылдын январынан бери өзгөчө кооптуу абалга кептелип, Кыргызстандагы миңдеген тигүүчүлөр ишсиз калуу коркунучунда экен. Анткени Орусия Окмөтү 2021-жылдын январь айынан баштап Жеңил өнөр жай тармагынын айрым товарлары маркировка болуп, Оруссиянын “Честный знак” деп аталган товарларды көзөмөлдөө жана маркировкалоо системасынан каттоодон өтмөйүнчө, Орусиянын аймагына киргизилбейт деген токтом чыгарган. Ал эми Кыргызстанда тигилген кийимдерди маркировкалоону жолго коюуу үчүн “Новые нормы” деп аталган Россия менен Кыргызстан биргелешип ачкан бир гана фирма иштеп, товарларды маркировкалоодон баштап, Оруссиянын аймагындагы кардарларына жеткирип берүүгө чейин мойнуна алат экен. Бирок бул кызматы үчүн олчойгон акча кармап калат экен. Тактап айтканда бир ишкердин тапкан пайдасынын эмес, жөнөткөн товарынын жалпы суммасынын 27 пайызын алат экен. Андан сырткары жеткирүү кызматы үчүн өзүнчө акча алышат. Жеңил өнөр жайы тармагындагы ишкерлерди нааразы кылган дагы бир жагдай, ишкерлер Орусиянын аймагындагы кардарларды өз алдынча тапса дагы алар менен өз алдынча акча которуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушпайт экен, баардык которуулар “Новые нормы” деген фирма аркылуу гана жүргүзүлө турган болгон. Ал эми орусиянын аймагындагы кардар Кыргызстандык ишкердин товарын алыш үчүн Оруссиядагы “Честный знак” системасына акча төлөп катталгандан кийин гана Кыргызстандык ишкердин товарын алууга мүмкүнчүлүк алат. Ошентип Кыргызстанда тигилген кийим Кыргызстандык ишкерди да, Орусиядагы кардарды да ашыкча чыгымга учуратып, мурункудан бир топ кымбат баада Орусиянын аймагына жетет экен. Мындай чыгымдар менен барган товарлардын наркын эсептеп көргөн Орусиялык соодагерлер Кыргызстандын кийимдеринен азыртан эле баш тарта баштаптыр. Алар үчүн Кыргызстанда тигилген кийимдерди эмес, Турцияныкын сатуу пайдалуу болуп калчудай экен. Анткени Орусиянын аймагына кирген товарлардан маркировканы талап кылуу эрежеси бир гана Евразиялык Экономикалык Биримдикке кирген өлкөлөргө гана таандык экен. Россия Окмөтү Евразиялык Экономикалык Биримдикке кирген өлкөлөргө товарлардан маркировканы талап кылуу тууралуу сунушту 2019-жылы эле киргизген экен. Эки жылда Кыргыз Өкмөтү жеңил өнөр жай тармагындагы ишкерлерге кеңири маалымат берип, маркировкалоого өтүүгө даярдап коюшу керек болчу, бирок Өкмөт алдын-ала эч кандай аракет көргөн эмес дешет ишкерлер. Өз учурунда маалымат берилбегендин кесепетинен тигилген кийимдер Россияга жөнөтүлбөй тонналап складдарда жатат. Айрымдары узакка созулган карантиндик абалдан кийин иш башталды деп сүйүнүп , кредит алып тонналап материал алып жыйнап салышкан. Көптөгөн тигүү цехтери өз ишин токтотуп, миңдеген тигүүчүлөр ишсиз калууда. Ишкерлер маркировка системасына деле акырындап өтүүгө, “Новые нормы” фирмасы аркылуу товар жөнөтүп, берилчү каражатты деле ал фирма аркылуу алганга деле макулбуз , бирок ортомчулук кызматы үчүн эле жүгүртүүдөгү жалпы сумманын 27 пайызын алып калуу өтө эле аша чаап, ишкерлерди сызга олтургузуу деп эсептешет. Жок дегенде 10 пайызга түшүрүүнү талап кылышууда. Анткени ишкерлер штрихкодду, маркировканы өздөрү сатып алып, анын баарын туура колдонуу үчүн айтишниктерди жалдоого аргасыз болушат экен. Ушул маселени Россиянын Өкмөтү менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп оңунан чечип берүүнү Кыргызстандын Өкмөт башчысы Артём Новиковдон, Экономика министри Санжар Муканбетовдон суранышат.

Предыдущий

«Сени мен киши кылгам»…

Следующий

Состоится ли строительство Камбаратинских ГЭС?

Оставить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *