Журналист Бейшенбек Бекешовдун сөөгү туулуп-өскөн айылында жерге берилет

Белгилүү журналист Бейшенбек Бекешовду акыркы сапарга узатуу зыйнаты өзү туулуп-өскөн айылында өтөт.

Жакындары билдиргендей, маркумга эртең, 29-декабрда Түп районундагы Балбай айылында саат 10:00дө жаназа окулуп, жерге берилет.
Кыргыз журналистикасында опол тоодой орду бар Бейшенбек Бекешов КТРК, ЭлТР, НьюТВ телеканалдарында эмгектенип, көптөгөн шакирттерди тарбиялап өстүргөн. Ал «Коломто», «Эл наркы», «Акыл заман» аттуу телекөрсөтүүлөрдүн, «Кыргыз наркы» китебинин автору болуп, коомчулукка таанылган. Акыркы жылдары Бекешов ишкерлик менен алектенип, анын «Айыл азыгы» дүкөнү шаардыктарды натуралдык азыктар менен камсыздап жаткан.

Эске салсак, кечээ, 27-декабрда саат 12:30дар чамасында Бейшенбек Бекешовдун жүрөк оорусу кармап, 61 жашында мезгилсиз дүйнө салган.

Предыдущий

Россия передала Киргизии 200 тысяч тест-систем на коронавирус

Следующий

На границе Кыргызстана и Узбекистана произошло землетрясение силой 4 балла

Оставить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *